• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ч.Султанбекова: Өкмөт балдардын толук кандуу үй-бүлөдө өсүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайт

Өкмөт 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ювеналдык юстиция боюнча Ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында Кыргызстанда үй-бүлөлүк тарбия берүүнүн абалы жана аны өнүктүрүү, КР Өкмөтүнүн «2014-2018-жылдарга балдар интернаттарынын мекемелерин каржылоо жана башкармалыктарды оптимизациялоо» боюнча токтомунун аткарылышы, гейткипинг механизмин өздөштүрүүнүн алкагында интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо системасы жана Кыргызстанда социалдык тейлөөлөрдү өнүктүрүүнүн Концепциясы тууралуу маселелер каралды.

Вице-премьер-министр жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды колдоо Өкмөт үчүн өлкөдө балдарды гармониялуу жана ар тараптуу өнүнүктүрүүгө багытталган негизги милдеттеринин бири экендигин билдирди.

«Кыргызстан башка мамлекеттер сыяктуу эле балдардын кызыкчылыгы үчүн аларды канаттандыра тургандай баланын муктаждыктарын канааттандыруу жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн мүмкүн болушунча шарттарды түзүүгө кызыкдар. Балдарды бир үй-бүлөдө тарбиялоо же үй-бүлө үчүн мүмкүн болушунча жакын чөйрөдө саламаттыгын сактооо, дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий жана балдардын адеп-ахлактык жактан калыптанышы баарынан маанилүү. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын үй-бүлө мыйзамдарынын негиздери – балдарга үй-бүлөлүк билим берүү приоритет болуп санала тургандыгын камсыз кылат жана алардын ал-жайын өнүктүрүү боюнча кам көрөт», – деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аймактарга жумуш сапары менен барганда балдар интернаттарынын абалын жана ал жактагы чыныгы көйгөйлөрдү көргөнүн билдирди.

«Балдарды кароо шарттары көңүл жылытарлык эмес, дээрлик бардык мекемелерде балдардын санын көбөйтүп жазган «өлүк жандар» системасы бар. Мындан сырткары балдар интернаттарында тарбияланган 94% балдардын ата-энеси бар же бирөөсү бар же туугандары бар балдар. Болгону 6% бала томолой жетимдер. Көпчүлүк учурда балдар үй-бүлөсүнүн аз камсыздыгынан балдар үйлөрүнө туш болушат», -деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министрдин ою боюнча Кыргызстанда балдар интернаттарынан акырындык менен баш тартуу жана кийин аларды социалдык коргоо мекемелерине трансформациялоо керек.

«Биз муну биздин балдарга жардам берүү үчүн негизги секирик кылбашыбыз керек. Миллиондогон каражаттар интернаттардын турак имараттарын кармоого жумшалат, ал эми балдарды колдоо боюнча эч кандай шарт жок. Оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдөгү балдарга үй-бүлөлүк чөйрөнү сактоодо негиз болгон ар тараптуу колдоо керек. Балдарды кароо системасын реформалоо боюнча мамлекеттик саясаттын максаттарын жана милдеттерин аныктоо зарыл. Бул багытта мамлекеттин негизги милдети, балдар ата-энеси менен же коопсуз үй-бүлөлүк чөйрөдө кала берип, балдар жана үй-бүлөлөр менен комплекстүү иш моделдерин түзүү үчүн бирдиктүү мамлекеттик саясат жана мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу болуп саналат. Өкмөт Кыргызстандын бардык балдардын толук кандуу үй-бүлөдө өсүшүнө, аларды зомбулуктан сактоого жана анын ичинде укуктук, экономикалык жана финансылык маселелерин чечүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот», – деди Чолпон Султанбекова.

Аны менен бирге вице-премьер-министр жетим же ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын тагдырын бир мамлекеттик орган чечиши керектигин ал эми соттор өзгөчө учурда гана аларды балдар үйлөрүнө же интернат мекемелерине барууга багыт бериши керектигин билдирди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары турмуштун оор абалына туш болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоодо активдүү иш алып барышы керек . Ошол эле учурда бала үй-бүлөдө же үй-бүлөлүк чөйрөдө жашашына кам көрүшү зарыл.

Вице-премьер-министр азыркы тапта Кыргыз Республикасында 2013-2018-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптимизациялоо жана каржылоо боюнча план иштелип жатканын маалымдады.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колдоо көрсөткөн Европа кеңешинин « Социалдык коргоо секторун реформалоо келишими» программасы ишке ашырылууда.

Жыйындын катышуучулары тарабынан 17 фостердик үй-бүлө боюнча пилоттук долбоор игйиликтүү болгонун, аны Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашыруу керектиги белгиленди. Ошондой эле балдарды интернаттарга алып келүүгө тыюу салуу боюнча да маселе көтөрүлдү.

Жыйындын соңунда Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине 2017-жылдын 1-октябрына чейин республиканын аймактарында кабыл алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдүн түзүлүшүнө багытталган иштерди активдештирүү;

-райондук шаардык башкармалыктарды оор абалда балдар менен иштей турган адистештирилген кызматкерлер менен камсыз кылуу;

- КР Өкмөтүнүн «Оор абалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо тартибинин жоболору» тууралуу токтомуна толуктоолорду киргизүүнү, аймактарда үй-бүлөлүк оор абалга туш болгон алдарды убагында маалымдабаган мамлекеттик органдардын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо;

-балдар интенаттарынын жетекчилерин өз тармагындагы балдар тууралу толук маалымат менен убагында камсыздап турушун жана өлкөдөгү балдар үйлөрундөгү балдардын тизмегин убагында мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, шаар мэрлерине 2013-2018-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптимизациялоо жана каржылоо боюнча планынын иш жүзүнө ашырылуусун камсыз кылуу жана башка бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий