• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ч.Султанбекова: Өкмөт балдардын толук кандуу үй-бүлөдө өсүшүнө кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикадагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан өспүрүмдөрдүн толук кандуу үй-бүлөдө өсүшүнө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы Воевнно-Антоновка жетим балдар үйүнө барганда билдирди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, вице-премьер-министр учурда Өкмөт тарабынан жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын келечегине кам көрүүнү оптимизациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.

«Кыргызстан боюнча балдардын 6% гана жетим балдар болуп эсептелет. Бирок жатак интернаттар жана балдар үйүнүн саны көп. Аларга мамлекет тарабынан ири суммадагы каражат бөлүнөт»,-деди Чолпон Султанбекова.

1946-жылдан бери иштеп келе жаткан Военно-Антоновка балдар үйүндө учурда 120 бала тарбияланат. Балдарга өз тандоосу менен чач тарач, ашпозчулук жана тигүүчүлүк ийримдерине катышып, келечекте бир кесиптин ээси болууга шарттар түзүлгөн.

Андан соң вице-премьер-министр Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу адистештирилген балдар үйүнө барды.

110 балага ылайыкталган адистештирилген балдар үйүндө учурда төрөлгөндөн баштап 4 жашка чейинки 89 наристе тарбияланат. Алардын көпчүлүгү психикалык жана нерв ооруларына чалдыккан балдар. Мамлекет тарабынан ар бир баланын күнүмдүк тамагына 105 сомдон, ал эми дары-дармегине 8 сомдон каражат бөлүнөт.

Вице-премьер-министр жаш наристелерди эртеңки майрамы менен куттуктап, кең келечек жана бактылуу балалык каалап, аларды карап жаткан тарбиячыларга ыраазычылыгын бидирди.

Пикир

Оставить комментарий