• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ч.Султанбекова Жалал-Абадда окуучулардын уулануусуна байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, 17-майда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол айылынын орто мектептин окуучуларынын массалык уулануусу маселеси жана оруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тармагынын жүргүзгөн иши боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Республикалык жугуштуу оруулар клиникасынын өкүлдөрү катышты.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Толо Исаковдун берген маалыматы боюнча, массалык уулануудан 31 бала орууканага жаткырылып, анын ичинде 25 үйлөрүнө чыгарылган. Азыркы учурда 6 бала Ноокен аймактык ооруканасында жатат жана симпоматикалык дарылоо улантылууда. Бардык балдар туруктуу жана канаатандырарлык абалда.

Кеңешмеде жабыркагандарга бардык зарыл болгон медицианлык жардамдар көрсөтүлгөнү белгиленди. Эки окуучуга «ОРВИ» диагнозу коюлган, калгандарынын диагнозу так аныктала элек.

Ооруканадан чыгарылган балдар Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууда. Ооруканадан чыгарылгандан кийин мектеп окуучуларынын ден соолугунун абалынын начарлоосу боюнча кайрадан кайрылган учурлар катталган эмес. Суудан алынган үлгүнүн лабороториялык иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында химиялык, токсикологиялык коопсуздук көрсөткүчтөрү аныкталган жок.
Кеңешменин жыйынтыгында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова министрликтер менен ведомстволорго бир катар тапшырмаларды берди.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине:

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги менен биргеликте белгиленген мөөнөттө иликтөөнү аяктоо;
- Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүмдөрү менчигинин түрүнө карабастан туристтик обьектилерде жана коомдук тамактануу жайларында активдүү ишти улантуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү облустук жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте ар дайым калк арасында өздүк гигиена, жугуштуу ооруулардын алдын алуу жана дарылоо тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

КР Билим берүү жана илим министрлигине менчигинин түрүнө карабастан ар дайым балдар бакчаларында, мектептерде, ЖОЖ санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо маселелерин көзөмлгө алуусун;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна эпидемиологиялык жана башка өзгөчө кырдаал мезгилинде Бирдиктүү төлөм системасына кирген саламаттыкты сактоо мекемелеринде зарыл дары каражаттарын жана медициналык дайындоо буюмдарын сатып алуусу үчүн өз убагында каржылоону камсыз кылуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий