• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ч.Турсунбеков: "2010-жылдагы 7-апрель окуясы эл эркиндигин коргоонун бийик үлгүсү катары түбөлүккө кала берет"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 7-апрель – Элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө ЖК Төрагасынын кайрылуусунун толук тексти берилет:

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу Апрель элдик революциясынын баатырлары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргызстандын кайра жаралуусунун күнү болгон 7-апрель - Элдик революция күнү менен куттуктайм!

Кыргыз эли байыртан эркиндикти сүйгөн эл катары эгемендиктин баркы менен баасын жакшы түшүнгөн. Карт тарыхка ээ улуу элибиз бийликтин бир колго топтолушуна ар дайым каршы туруп, “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген жазылбаган мыйзам менен жашап келген. Ошондой эле бийлик менен элдин ортосунда салт-санаага ылайыкталган калыс, акыйкат алака өкүм сүргөн. Элдин жыргалчылыгы бардык максаттардын башында туруп, калк кызыкчылыгы эӊ биринчи орунду ээлеген. Кыргыз элинин мына ушундай өзгөчөлүктөрү улутту улут кылып сактап, өлкөбүздү ар убак өргө сүрөп келет.

Бийлик өзүм билемдигин кылып, мамлекетибиздеги акыйкатсыздык жогору чекке жеткен 2010-жылы да мекенчил уул-кыздарыбыз тайманбай күрөшкө чыгып, түбөлүк бийликти самаган Президентти тактан кулатышты. Тилекке каршы ал күрөш көп жоготуулар менен коштолду. Өлкө башчысы өз элине ок атып, жүзгө чукул эр-азаматыбыз шейит кетти. Көптөгөн мекендештерибиз жарадар болуп, ден соолугунан ажырады. Андыктан, Апрель элдик революциясынын кыргыз тарыхындагы орду өтө маанилүү. Аны ар убак өкүнүү менен эскерсек да элибиздин тайманбастыгына дайыма таазим кылабыз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Мына ошол баатырларыбыз мурастап кеткен демократиялык жолду, эл менен бийликтин ортосундагы тыгыз алаканы улантуу баарыбыздын айныгыс милдетибиз. Бул жаатта жылыштар арбын экени да талашсыз. 2010-жылдан кийин өлкө өнүгүүнүн жаӊы барагын ачып, мамлекетик башкаруу системасы алмашты. Шайлоо өнөктүгүндөгү башаламандыктар жоюлуп, таза тандоо системасы калыптанды. Мурдагыдай добуштарды каалагандай бурмаламай адат жоюлуп, элдин эркин тандоосуна шарт түзүлдү. Буга дүйнө эли да оӊ баасын берүүдө.

Ардактуу мекендештер!

Мына ушул жаӊылануулардын баарына себепкер болуп, эл үчүн, келечек муун үчүн шейит кеткен эр-азаматтарыбызды эскерип туруу биздин башкы парзыбыз. Бул баатырлардын атын түбөлүккө калтыруу максатында Ата-Бейит комплексинде жана Ала-Тоо аянтында атайын эстеликтер ачылып, алар жөнүндө көптөгөн китептер, эскермелер жазылууда. Ошондой эле Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142 метр бийиктиктеги аты жок чокуга жакында эле "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген географиялык аталыш ыйгаруу боюнча мыйзам кабыл алынды. Ал эми курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен окуяда жараат алган жарандар мамлекеттин өзгөчө камкордугуна алынып, материалдык жана моралдык жактан колдоого алынып келет.

Урматтуу Апрель элдик революциясынын катышуучулары!

Сиздер ошол учурдагы мамлекеттеги башаламандыкты гана ооздуктабастан, келечек үчүн да опол тоодой эмгек кылдыӊыздар! Келечектеги ар бир муун жан аябаган эмгегиңиздерди - 2010-жылдагы 7-апрель окуясын эч качан унутпайт. Тарыхта кара так менен эскерилсе да, жаштарга дайым эл эркиндигин кантип коргош керектигин үйрөткөн үлгү катары түбөлүккө кала берет.

Бар болгула, эгемендик сакчылары! Дагы бир Жогорку Кеӊештин жана жеке өзүмдүн атымдан Апрель элдик революциясынын курмандыктарына таазим этүү менен алардан жаткан жери жайлуу, топурагы торко болушун Кудайдан тилейм! Өлкөбүз өнүгүп, мындай коогалуу учурлар кайталанбасын! Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Пикир

Оставить комментарий