• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Ч.Турсунбеков: Биз күнүмдүк оокат менен эмес, келечекке умтулуу менен жашашыбыз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин 8-июндагы жыйынында парламент депутаты Кенжебек Бокоев жана КР Өкмөтү тарабынан эки башка демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү боюнча сунушталган долбоорлор каралып, сырттан ташылган буудайга кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Талкууда аталган маселе боюнча пикирин билдирген Төрага Чыныбай Турсунбеков сырттан ташылган буудайды кошумча нарк салыгынан бошоткон мыйзам кабыл алынгандан бери ар кандай пикирлер айтылып, маселе саясатташып кеткендигине токтолду. "Өз мезгилинде аталган мыйзамды кабыл алуудагы башкы максат бүтүндөй бир тармакты сактап калуу болчу. Учурунда Өкмөт ошол максатта өзүбүздүн ун өндүрүүчүлөрдү колдойбуз деген ой менен атайын мыйзам алып келишкен. Бирок эмнегедир айрым адамдар маселени саясатташтырып, мыйзам тууралуу ар түрдүү пикирлерди айтышууда. Ошондуктан, бүгүн сунушталып жаткан мыйзамды так иликтеп, таасын изилдегенден кийин бир жыйынтыкка келишибиз керек", - дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Аталган тармакты жакшы билген адис катары Чыныбай Турсунбеков сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорундагы эки жагдайды байкаганын айтты. "Алардын бирөө - азык-түлүк коопсуздугу, экинчиси - бюджетти толтуруу. Ачыгын айтканда, мындан өткөн маанилүү маселе жок. Биз энергетикалык көз карандысыздыкка жеттик, мамлекеттүүлүгүбүздү дагы бир ирээт бекемдедик деп мактанганыбыз менен азык-түлүк коопсуздугунан уттуруп жаткандайбыз. Тагыраак айтканда, учурундагы көйгөйлөргө байланыштуу, кабыл алынган мыйзам тууралуу айыӊ-кептер менен алек болуп жатып, келечектеги күтүлчү кыйынчылыктардан кантип сактануу керектигин унуттук" - деп белгиледи ал.

Ошондой эле, 2007-жылдагы Кыргызстандагы каатчылыкты эске салган Жогорку Кеӊеш Төрагасы өлкөдөгү ун өндүрүүчүлөр жеке каржылык кызыкчылыкты четке кагып, 40 сомдон сатылчу унду 25 сомдон сатып, ошол жылдагы тамак-аш кымбатчылыгын ооздуктоого жардам беришкенин эске салды. Андыктан, азыр дагы биримдик менен азык-түлүк маселесине байланышкан көйгөлөрдү чечүү керектигин айткан Чыныбай Турсунбеков: "Ынтымак жана сөздөн ишке өтүү принциби өлкөдөгү бардык тармакка тиешелүү. Алсак, Кыргызстан көмүргө бай дегенибиз менен биз ошол байлыгыбызды пайдалангычакты, башкалар зыянсыз электр булактарын колдонууга өттү. Ал тургай, 25 жылдан бери Бишкектеги Электр жылуулук борборуна да коӊшу өлкөнүн көмүрү жагылып келет. Бирок, ошол көмүрдү сатып алууга кеткен чыгымдын ордуна, жалпы эсептегенде 1,5 млрд. долларга Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол куруп алсак кандай болор эле? Өзүбүздүн арзан көмүрдү жагып, ошол багыттагы бир катар маселелерди да чечип алмакпыз", - деп кошумчалады. Буга да айрым адамдардын жеке кызыкчылыгы тоскоол болуп жатканын кеп кылды.

"Биз күнүмдүк оокат менен эмес, келечекке умтулуу менен жашашыбыз керек" - деген Чыныбай Турсунбеков жаӊы мыйзам жазуудан мурун колдонуудагы мыйзамдардын алкагында эле аткезчиликти жоюп, паракорлукту азайтуу менен бюджетти толтурууга болорун чечмелеп берди. "Баасын арзан көрсөтүп, чек арадан киргизгенден кийин, каалашынча нарк коюп саткан көрүнүштөр арбын. Алсак, ундун баасын киргизип жатканда 8 сомдон көрсөтүшсө, көмүрдүн баасын 516 сомдон дешет. Ал эми базардагы баа мындан өтө айырмаланат. Андан тышкары, бир эле мисал, жыл бою 7 миллиарддан ашуун товар алып келген фирманын салык декларациясын карасак, эч кандай сумма көрсөтүлгөн эмес. Ал эми эреже боюнча эсептесек, ал 976 млн. сом төлөш керек болчу. Бирок, ал салык жок, эч кимиси билбейт. Андыктан, мен тиешелүү органдарга бул жагдайды иликтөөнү тапшырдым" - деген Жогорку Кеңештин Төрагасы Өкмөт өкүлдөрүн мыйзамды так сактап, жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды.

Андан тышкары, өзүбүздү өзүбүз өнүктүрүүнүн учуру келгенин айтып, бирөөлөрдү жаман аттуу кылуу менен эмес, эмгек менен ийгиликтерди багынтуу зарыл деген пикири менен сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий