• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ч.Турсунбеков БУУ координатору А.Аванесовду кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) координатору жана БУУӨПтүн (БУУ Өнүктүрүү программасы) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды. Жолугушуу А.Аванесовдун Кыргызстандагы миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттыруу багытындагы маселелерди талкуулап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу да пикир алмашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков алты жыл аралыгындагы жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн Александр Аванесовго ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы мамилелерди кеӊейтүүдөгү кошкон салымын белгиледи. Чыныбай Турсунбеков А.Аванесовдун бир катар долбоорлорду иштеп чыгып, аны ишке ашырууга тиешелүү донорлорду тартуудагы жеке эмгегине жогору баасын берди. “Парламенттик-демократиялык жолду тандап алган Кыргызстандын иш-аракетине сиздин жардамыӊыздын арты менен БУУӨП жакшы колдоо көрсөтүп келет. Парламентаризмди бекемдөө жаатындагы маселелер боюнча мындан аркы кызматташууларыбыз да ийгиликтүү уланат деген ишеничтемин. Анткени, жакынкы аралыкта Жогорку Кеӊештин Аппараты, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги жана БУУӨП ортосунда парламенттик-демократияны күчтөндүрүүгө багытталган долбоор боюнча меморандумга кол коюлары мерчемделүүдө",- дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Александр Аванесов өз дарегине багытталган жакшы сөздөр үчүн ыраазычылыгын айттып, өлкөнүн өнүгүшүндөгү парламенттин орду тууралуу учкай кеп салды. Ал БУУ Жогорку Кеӊеш менен тыгыз кызматташтыкты арттырууну улантууга кызыкдар экендигин белгилеп: "Парламент депутаттары менен биргеликте ар түрдүү иш-чараларды жүзөгө ашырдык. Биздин кызматташтыгыбызды пайдалуу жана натыйжалуу болду десек жаӊылышпайм", - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий