• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ч.Турсунбеков Иран парламентинин Төрагасына терактка байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеӊешинин Межлисинин Төрагасы Али Ларижаниге 2017-жылдын 7-июнундагы көптөгөн адамдардын өмүрүн алган Иран парламентинде жана Аятолла Хомейнинин күмбөзүндө болгон террордук актыга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Ч.Турсунбековдун көңүл айтуу тексти төмөнкүдөй:

“Улуу Даражалуу Али Ларижани мырза!

Үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда Ирандын парламентинде жана Улуу Аятолла Хомейнинин күмбөзүндө болгон террордук актыдан улам калк арасында көптөгөн бейкүнөө адамдардын курман болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ирандын маанилүү жайларына жасаган мыкаачылардын мындай ырайымсыз жана ойго келгис кол салуусу эч кандай моралдык жана диний ынанымдарга туура келбей тургандыгын белгилейт.

Кыргыз Республикасы терроризмдин баардык көрүнүштөрүн чечкиндүүлүк менен айыптайт.

Урматтуу кесиптеш, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандары менен жакындарына көңүл айткан сөздөрүмдү жана бул кырсыктан жапа чеккендердин баарына тез сакайып кетишине болгон тилектеримди жеткирип коюңузду өтүнөм”.

Пикир

Оставить комментарий