• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ч.Турсунбеков: "Кыргызстан ЕККУ ПА өӊдүү дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарындагы иш сапардын алкагында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Төрайымы Кристин Муттонен менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жогорку Кеӊеш менен ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык терроризм коркунучтарына биргелешип каршы туруу көйгөйлөрү да көтөрүлдү.

Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы парламенттик-демократиялык демилгелерди колдоого алгандыгы үчүн ЕККУ Парламенттик Ассамблеясына ыраазычылык билдирип: "Кыргызстан ЕККУ ПА өӊдүү дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар", - деди.

Ошондой эле, радикализмдин жана экстремизмдин жайылып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирген Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстан терроризмдин, криминалдык кыймылдардын жана террордук уюмдардын ишин тыкыр көзөмөлгө алуу менен коомдук коопсуздукту сактоо жаатында бардык аракетти көрүүдө", - деди.

Андан тышкары, ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын 2018-жылдагы күзгү сессиясы Кыргызстанда өтөрүн эске салган Чыныбай Турсунбеков, 57 өлкө катыша турган ири иш-чарага жетекчилик кылуу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин жана ага даярдыктар тынымсыз улантылып жаткандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын Төрайымы Кристин Муттонен Кыргызстандагы демократиялык жетишкендиктерге, шайлоолордогу ачык-айкындуулукка оӊ баасын берип: "Шайлоо өнөктүгүнө жаӊы технологияларды колдонгонуӊар мактоого татыктуу. Ал эми быйылкы Президенттик шайлоого да ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын байкоочулар тобу мониторинг кылууга кызыкдар",- деди. Ошондой эле, парламенттер аралык байланыш, бардык кызматташтыктын башатында туруусу зарыл деген Кристин Муттонен, терроризм өӊдүү дүйнөлүк коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү натыйжалуу болорун белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

Пикир

Оставить комментарий