• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ч.Турсунбеков: "Кыргызстандын келечеги таланттуу жаштардын колунда"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Бүгүн, 15-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков АКШнын Нью-Йорк штатындагы Освего шаарында 12 июндан 17-июнга чейин өтө турган GENIUS олимпиадасына Кыргызстандын атынан катышуучу мектеп окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Тимур Комарь менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Окуучуларга ийгилик каалаган Төрага Чыныбай Турсунбеков, Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин билдирип: "GENIUS олимпиадасына жолдомону Бишкекте өткөн робот техникалары боюнча таймашта жеӊип алганыӊарды билем. Андыктан мени өлкөбүздө силердей акылдуу, бийик максаттуу балдардын бар экени кубандырат. Баарыбыз билгендей экономикабыз жана мамлекетибиз инноациялык технологияларсыз өнүгүшү мүмкүн эмес. Мен силерди келечекте республикабыздын технологиялык жактан өнүгүүсүнө чоң салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин" - деди.

Ошондой эле Төрага өлкө жетекчилигинин келечектүү багыттарынын бири кыргызстандык окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык шарттары түзүү экенин белгилеп: "Жогорку Кеӊеш, Өкмөт жана бардык жергиликтүү органдардын жетекчилери өсүп келе жаткан муундун келечеги үчүн кызмат кылышы керек. Биздин балдар таланттуу, биз ар бир баланын ийгиликтүү жана мамлекетке керектүү инсан болуп чоӊоюшу үчүн керектүү иштерди жасашыбыз зарыл"- деп кошумчалады.

Жолугушуунун алкагында Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊештин атынан Төрагынын жеке фондунан материалдык жардам көрсөттү.

Өз кезегинде Кансаар Кудайбаков менен Тимур Комарь Жогорку Кеӊеш Төрагасына ыраазычылык билдирип: "Биз силердин үмүтүӊөрдү актоого бардык күчүбүздү жумшайбыз" - дешти.

Пикир

Оставить комментарий