• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ч.Турсунбеков: “Парламенттик демократиялык жолду Апрель революциясынын баатырлары ачып беришкен”

Коом 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 31-мартта Кыргыз улуттук филармониясында өткөн 2010-жылдагы Апрель окуясынын 7 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы өз сөзүндө Кыргызстан эли мындан туура 7 жыл мурун мамлекетибиздеги акыйкатсыздыкка, үй-бүлөлүк башкарууга жана авторитаризмге каршы тайманбай күрөшкө чыкканын баса белгиледи. “Апрель окуясында калаанын борбордук аянтына чыгып курман болгондор өлкөнүн келечек мууну жана жаркын максаттары үчүн өз өмүрлөрүн аяшкан эмес”,- дейт Ч.Турсунбеков.

Ошондой эле, Төрага 7 жылдан бери өлкөдө алга карай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына токтолду. “Кыргызстан жөнөкөй жарандардын эрдигинин жана 2010-жылдагы референдумда жалпы эл өз көз караштарын ээн-эркин жана ачык-айкын билдиришинин натыйжасында жаңы жолго – парламенттик демократияны өнүктүрүү жолуна кадам таштаган. Бул жолду бизге 2010-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында Апрель революциясынын баатырлары деген ат менен калган эр-азаматтар ачып беришкен”, - дейт ал.

Мындан сырткары, Ч.Турсунбеков Апрель революциясынын баатырларынын элесин түбөлүккө калтыруудагы биздин милдетибиз өлкөнүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин жана коомдун ынтымагын сактоо экенин айтты. “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу максатында эл тарабынан тандалып алынган өлкөнү өнүктүрүү жолун четке кагып, Мекен үчүн өмүрлөрүн бергендердин элесин каралоого аракет кылган күчтөр бар”, - дейт ал.

Чыныбай Турсунбеков жалпы кыргызстандыктарды биргелешкен күч-аракеттердин жана анын натыйжасындагы жетишилген ийгиликтер менен Апрель элдик революциясынын баатырларынын элесин түбөлүккө сактоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий