• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ч.Турсунбеков Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков мекендештерин Орозо айынын башталышы менен куттуктады. ЖК басма сөз кызматы билдиргендй, Төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Адамзатты сабырдуулукка жана кечиримдүүлүккө чакырган бул айды жалпы мусулмандар жакшы үмүттөр менен күтүп, отуз күндө бири-бирине жалаң аруу тилектерин арноого аракет кылышат.

Айрыкча орозо айы күндүз тамактанууга гана чектөө киргизбестен, жаман ой, жаман жоруктардан да арылууга көмөкчү болот. Ар бир адамдын жан дүйнөсүн аруулантып, жакшы гана кептерди айтууга үндөйт. Бул айдын башка айлардан башкы айырмачылыгы да ушунда.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бир жылда бир келген Орозо айында араздашкандар жарашып, таарынышкандар табышсын. Кемчилик кетиргендер кечирим сурап, кейиште жүргөндөр кубанычка бөлөнсүн. Адалдык арамдыкты жеңип, адамзат Кудайдын ырайымына ээ болсун. Дүйнөдө тынчтык орноп, ааламга ынтымак менен ырыс-кут жайылсын.

Дагы бир жолу куттуу Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Кармаган орозоңуздар кабыл болуп, сабырдуулук жана чыдамкайлык берсин!

Пикир

Оставить комментарий