• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ч.Турсунбеков РФ Жыйынынын Федералдык Кеӊешинин Төрайымы В.Матвиенко менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Россия Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар мамлекеттер аралык кызматташтыктын азыркы абалы тууралуу пикир алмашып, парламенттер аралык байланыштарды КМШ жана ЖККУ Парламенттик Ассамблеяларынын алкагында өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Валентина Матвиенкону кыргыз-орус дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап: "Россия Кыргызстандын стратегиялык башкы өнөктөшү. Андыктан саясий байланыштарды чыӊдоо менен ар тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатында парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүшүбүз зарыл. Өзгөчө байланыштардын негизги багыты, эки тараптуу келишимдердин аткарылышын мыйзамдык жактан колдоо",- деди.

Ошондой эле, Жогорку Кеӊеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиясынын жыйыны ушул жылдын апрель айында Москва шаарында өтө тургандыгын эске салган Чыныбай Турсунбеков: "Парламенттер аралык комиссиянын бардык жыйындары эл өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташуусун гана шарттабастан, мамлекеттер ортосундагы алакаларды күчтөрдүрүүгө көмөкчү болот", - деп кошумчалады.

Мындан тышкары, экономикалык алакаларга токтолгон Төрага Чыныбай Турсунбеков Евразия экономикалык биримдиги эки мамлекеттин соода байланыштарын арттыруу менен гана чектелбестан дүйнөлүк каатчылыкка каршы биргелешип күрөшүүгө да шарт түзөт деп ишенерин билдирди. Ага кошумча Кыргызстан Россиянын аймактары менен кызматташууга кызыктар экендигин да белгилей кетти.

Өз кезегинде Россия Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Россия Кыргызстанды ар тараптуу колдоого даяр экендигин белгилеп,: "Кыргыз-орус алакалары динамикалуу өнүгүүдө. Буга мисал кыргызстандык мигранттарга жеӊилдиктер берилип, ЕАЭБ алкагында экономикалык байланыштарды чыӊдоо аракети тынымсыз уланууда", - деди. Мындан тышкары, быйыл өтө турган Президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары КМШ Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрүн жөнөтүүгө кызыктар экендигин кошумчалады.

Ошондой эле, Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго парламентаризди өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн Россия Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеӊешинин Ардак белгисин ыйгарды. Ал эми Жогорку Кеӊеш депутаты Алмазбек Баатырбековго КМШ Парламенттик Ассамблеясы тарабынан "Достук" ордени берилди.

Кошумчалай кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

Пикир

Оставить комментарий