• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ч.Турсунбеков: "Саясат менен алектенүү жетиштүү, экономикалык кайра курууларды улантууга убакыт келди"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Эл аралык валюта фондунун миссия жетекчиси Эдвард Жемайэлди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстандын экономика тармагын өнүктүрүүгө жана күчтөндүрүүгө багытталган кызматташтык маселелерин талкуулашты. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы өнөктөштүк 1992-жылы башталганын эске салып: "Ишенимге жана өз ара сый-урматка негизделген биргелешкен ишибиздин жана Эл аралык валюта фондунун толук кандуу колдоосунун натыйжасында Кыргызстандын экономика секторунда бир катар реформалар жүргүзүлдү" - деп, мындай иштерди жана коюлган талаптарды жүзөгө ашырууну улантуу зарылдыгына токтолду.

Кыргызстандагы Эл аралык валюта фондунун миссия жетекчиси Эдвард Жемайэл өз кезегинде өлкө экономикасын реформалоону улантуу максатында кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Андан тышкары, аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда экономикалык өсүш жогорулоо менен инфляциянын төмөн экендигин белгилеп: "Мындай жетишкендик Жогорку Кеӊештин жана КР Өкмөтүнүн эмгеги десек болот", - деди Э. Жемайэл.

Ошондой эле, жолугушууда Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы кыска жана узак мөөнөттүү кызматташуу планы боюнча сөз жүрдү. Айрыкча, өлкөнүн банк жана фискалдык тармактарын өнүктүрүү багытындагы мыйзамдарды даярдоо, мындан сырткары, кичи жана орто бизнести күчтөндүрүү боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу да баарлашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы экономикалык жетишкендиктер өлкөдөгү ачык-айкындуулуктун натыйжасы экенин белгилеп, 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын жана Жогорку Кеӊештин Төрагасы жетектеген Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин алкагында экономиканы өнүктүрүү багытында бир катар иштер пландалганын кошумчалады. "Эл аралык валюта фонду баштаган биздин өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен коюлган тапшырмаларды аткарууга жетишерибизге жана Кыргызстанга чет элдик ири инвестицияларды тарта аларыбызга ишенебиз", - деди Чыныбай Турсунбеков.

Мындан тышкары, Чыныбай Турсунбеков: "Саясат менен алектенүү жетиштүү, экономикадагы кайра курумдарды улантууга убакыт келди. Биздеги башкы маселе - өлкөдөгү туруктуулук", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушууга Эл аралык валюта фондунун миссиясынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Яхья Саид да катышты.

Пикир

Оставить комментарий