• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ч.Турсунбеков Санкт-Петербургдагы жардырууга байланыштуу В.Володинге көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинге Санкт-Петербург шаардык метрополитендеги адамдардын өлүмү менен аяктаган жардырууга байланыштуу көӊүл айтты. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда мындай деп айтылат:

"Санкт-Петербург шаарындагы метрополитенде катталган жардыруу тууралуу суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү айыптайт. Ошондой эле ушул оор учурда Кыргызстандын эли Орусия калкына тилектеш экендигин билдирем.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилден көӊүл айтып, жаракат алгандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин тилейм"

Пикир

Оставить комментарий