• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чач кыркууга гана уруксат берилген – Бишкек мэриясы салондордун ишмердүүлүгү тууралуу

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов сулуулук салондору кандай учурларда иштей ала тургандыгын дагы бир ирет эске салды.

Ал шаар тургундарын комендатуранын буйругуна баш ийүүгө чакырды.

“Биз мониторинг жүргүзүп, көптөгөн сулуулук салондорунун ээлери карантиндик чектөөлөрдү алууну туура эмес чечмелеп жаткандыктарын аныктадык. Чектөөлөрдү алуу өзгөчө абал режими киргенге чейин кандай кызмат көрсөтүлүп келсе, азыр дагы ошол кызматтардын бардыгына уруксат берүү дегендик эмес. Бүгүнкү күндө алдын ала жазылуу менен чач кыркууга гана уруксат берилген”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган. Коменданттык саат белгиленген. Аны менен бирге өкмөт тарабынан экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий