• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чач тарачка барууда маршруттук кагаз толтуруу керек – Боронов

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Чач тарачка барууда маршруттук кагаз толтуруу керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал, өзгөчө абал тартиби Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылып жатканын айтып өттү. Боронов белгилегендей, ал жерлерде уруксат кагаздары жок сыртта жеке унаа менен жүрүүгө болбойт.

"Чач тарач, дарыкана, дүкөндөргө маршруттук кагаз менен баруу керек. 10-майдан кийин кандай болору мамлекеттик орган, республикалык штабдан гана эмес, жарандардан көз каранды. Биз өзүбүздү кантип алып жүргөнүбүзгө, коронавирустун жайылышы токтотулганына жараша кадимки турмушка кайтып келебиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылууда.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө 1-майдан тарта кайсы ишкана-мекемелер иштей баштай турганы боюнча жол-жобо иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий