• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чачка жазгы кам көрүү

Дүр дүйнө 1

Жаздын келиши менен ар бир айым өзгөчө кубулуп, бөтөнчө сулуулукка ээ болуп чыга келет. Мына ушул кезде кыш мезгилинен кийин идеалдуулугун жоготкон чачтарыбызга өзгөчө кам көрүү зарылдыгы пайда болот. Дайыма баш кийим менен жүрүү, абанын температурасынын төмөндөшү, имараттардагы кургак аба чачыбызга терс таасирин тийгизип, стресс абалына түшүрөт. Эми чачыбызды кантип мыкты абалга алып келебиз? Бул багыттагы кеңештер сиздер үчүн.

Алды менен жазгы чач көйгөйлөрүнө токтолсок: учтарынын эки ача болушу, түшүүсү, кургап жана сына берүүсү, түптөрү майланышып жана ичкерүүсү, жандуулугун жоготушу.

Чачтын учтарынын эки ача болушу дээрлик бардык айымдарга тааныш көйгөй. Ачакей учтары чач жасалгасынын көркүн бузгандыктан, бул жагымсыз жагдайды жаратат. Адистердин айтымында, чачтын учу ачакей болуп кеткен шартта аны ысытылган кайчы менен тегиздеп кыркуу зарыл. Бул дарылоо таасирин берип, алгачкы процедурадан соң натыйжасы байкалат жана узак убакытка чейин ачакей болбойт. Ошентип, бул жагымсыз көрүнүштү алдын алуу аркылуу маселеден тышкары болууга болот.

Чачты азыктандыруучу шампундар. Кургак жана алсыз чачтарга кам көрүүдө кошумча азыктандыруу абдан маанилүү. Жазында кошумча азык берип, нымдандыруучу шампундарды колдонуу зарыл. Шампунь менен жууган соң, чайкоочу бальзамды колдонсо, чач жалтырап жана жумшарып калат. Шампунду тандоого абдан жооптуу мамиле жасоо керек. Алсак, чачыңыз боелгон болсо, тиешелүү белгиси бар шампунду алганыңыз оң.

Чачтын өсүшүн кантип тездетүүгө болот? Бул үчүн баштын терисине жасалган пилинг же скраб жардам берет. Аларды атайын адистешкен дүкөндөрдөн сатып алса же үй шартында даярдап алууга болот. Алсак, чач пилинги үчүн 2-3 аш кашык деңиз же ашкана тузуна ушундай өлчөмдөгү суу куюп, аны чачка жана баштын терисине сүртөт. Башты 10 мүнөт манжа учтары менен укалоо керек. Андан соң дагы 10 мүнөткө калтыруу шарт. Ушундан кийин шампундап жылуу суу менен жууп, чайкап коесуз.

Чачка арналган маскалар. Маскалар чачтын абалына жараша колдонулат. Мисалы, майлуу же кургак, алсыз же түшүп жаткан чачка колдонулуучу ар түрдүү косметикалык жана элдик каражаттар бар. Алардын ичинен бардык түрдөгү чачтар үчүн бал-туз маскасын колдонууга болот. Ал үчүн 0,75 стакан арак же коньякка 1 аш кашык бал, 1 аш кашык деңиз тузун кошуп аралаштырып, 2 жума караңгы жана салкын жерде сактайт. Андан соң аралашманы баштын терисине сүйкөп, жылуу сүлгү менен 1 саатка ороп коесуз. Процедураны жуулбаган чачтарга жасайт. Акырында жылуу суу менен шампундап жууп, чайкап коюу керек. Натыйжада, чачыңыз жалтылдап, калыңдайт.

Баштын терисине кам көрүү. Чачтын жакшы көрүнүүсү баштын терисине кам көрүүдөн башталат. Бул үчүн атайын маскаларды, скраб жана сары сууларды (сыворотка) колдонуу пайдалуу. Ошондой эле, адамдын туура тамактануусу баш терисинин жана чачтын саламаттыгына чоң таасир берет. Белгилей кетсек, бир күндө 2 литрден кем эмес суу ичүү керек. Ал эми ичилген суюктук баштын терисине эң акыркы болуп жетет. Ошондуктан, адам организмдеги суюктуктун азайышына жол бербеши керек. Мындан тышкары, тамак-аш аркылуу бүт организмге, анын ичинде баш терисине жана чачка тиешелүү витаминдер келет. Ал эми витаминдердин жетишсиздиги ар кандай жагымсыз шарттарды жаратат. Мисалы, В тобундагы витаминдердин жетишсиздиги какачты пайда кылат; Е витамини кычкылтектин айлануусун камсыздайт; С витамини, кальция, темир, магний жана цинк чачтын түшүүсүнүн алдын алат. Жумуртка, балык, эт, көк чөптөр, жашылчалар, жемиштер, сүт азыктары чачка керектүү витаминдерге бай. Ошол эле учурда атайын витаминдер топтомун кабыл алуу зарыл.

Чач тууралуу кызыктуу фактылар

  • Чач тынымсыз өсөт. Түнкүсүнө салыштырмалуу күндүзү жана күз мезгилинде тез өсөөрү белгилүү.
  • Чоңдордо чач айына 15 мм өсөт.
  • Жалпысынан, орто эсеп менен адамдын башында 100-150 миң чач чыгып жана түшүп туруучу фолликулдар бар.
  • Нормага ылайык күнүнө 70-80 тал чачыбыз түшөт.
  • Чачтын үлгүсү аркылуу анын ээсинин жынысын аныктоо мүмкүн эмес.
  • Чач түшкөн сайын анын ордуна кайра башкасы өсүп чыгат, бул 20га жакын жолу кайталанат.
  • Чач адамдын организминдеги тез өскөн ткандардын бири.
  • Гиннес китебине кирген кытайлык айымдын чачынын узундугу 5,627 метр.
  • Адамдын бир тал чачы 100 грамм салмакты көтөрө алат.
  • Аялдардын чачынын тамыры эркектердикине салыштырмалуу териге 2 мм терең жайгашкандыктан, алардын таз болуу мүмкүндүгү төмөн.

Пикир

  • Майрам

    Майрам 1 month ago

    Чачка кам көруу боюнча маалымат керек

Оставить комментарий