• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чачтын абалын жакшыртат. Күн караманын организмге тийгизген пайдалары айтылды

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Жетиштүү өлчөмдө күн караманы пайдалануу адамдын организмине оң таасирин тийгизет жана картаюуну жайлатат. Бул тууралуу россиялык дарыгер-диетолог Тамара Прунцева билдиргенин Известия басылмасы жазып чыкты.

"Күн караманы колдонууну сунуштайт элем. Анткени, чемичкенин курамында Е витамини абдан көп. Е витамини адамдын терисин, чачынын жана тырмагынын абалын жакшыртат", - дейт дарыгер-диетолог.

Андан сырткары, чемичкенин курамында жез болгондуктан сөөк кыртышынын бузулушуна бөгөт коет.

Прунцева белгилегендей, күн карамада кеминде 600 калорий болгондуктан семиз адамдар аны ченелүү өлчөмдө гана пайдалануу керек.

Пикир

Оставить комментарий