• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чачтын түшүүсүн кантип токтотсо болот? Диетологдун жообу

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Туура тамактануу чачтын түшүүсүн токтотууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу диетолог Светлана Фус билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Дарыгер коллаген белогун бөлүп чыккан С витаминине көңүл бурду. Адам туура тамактанганда аталган витамин организмде кабыл алынат. Анын таңкыстыгы жашылча жана мөмө-жемишти аз жегендиктен пайда болот.

Диетолог чачтын өсүшү жана калыбына келишине жооп берген биотин менен В7 витаминин маанилүүлүгүн эске салды. С витаминдей эле биотин көптөгөн жемиштердин курамында болот. Мындан сырткары, ал ичеги бактериялары тарабынан пайда болот.

“В12 витамини организмде аз болсо, анда чач тез агара баштайт. Анын жетишсиздиги көбүнчө эт жебеген адамдарда, ошондой эле тамак сиңирүү тутуму ооругандарда байкалат. Ал эми В12 эт, балык, жумуртка жана сүт азыктарында бар”, - деп айтылат маалыматта.

Чачтын түшүүсү, анын начарлашы организмде цинктин аздыгынан да кабар берет. Ал балык, эт, буурчак, жаңгак, чемичке жана дан эгиндердин курамында болот. Коллаген белогунун пайда болушун шарттаган жезди да унутпашыбыз керек. Анткени анын аз болушу чачтын эрте агарышына алып келет. Жез жемиш, эт, балык, жаңгак, кургатылган жемиштер жана дан эгиндердин курамында бар.

Пикир

Оставить комментарий