• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаек айылында жаап өткөн жамгырдан улам турак үйлөрдүн короосун суу каптады - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Нарын облусунун Чаек айылында жаап өткөн жамгырдан улам турак үйлөрдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолдорду кокту-колоттордон келген суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунда саат 14:30дар чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суу Чаек айылында жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Жерине Жумгал району боюнча өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы, Жумгал райондук №43 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, №21 ЖТИден бир жүктөгүч, айыл аймактан бир жүктөгүч, бир экскаватор жана суу чарба башкармалыгынан бир жүктөгүч тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү жасаган.

Пикир

Оставить комментарий