• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чакан ГЭСтердин электр энергиясын сатып алууга кепилдик бар. Мыйзам долбоору даярдалууда

Экономика 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда чакан ГЭСтерден энергияны кайра жаралуучу булактары катары электр энергиясын өндүрүү боюнча мыйзам долбоору иштелүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлү Тилек Айталиев КР 2021-2026-жылдардагы өнүктүрүү программасын талкуулоо учурунда билдирди.

“Негизги маселе өзүн-өзү актоо экенин түшүнүп турабыз. Бир нече жылдар бою кайра сатып алууга кепилдик беребиз. Айрым депутаттар сатып алууну 15 жылга чейин узартууну сунуштап жатышат”, - деди ал.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн алкагында Айталиев чакан ГЭСтер, күн жана шамал станциялары каралып жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий