• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чакан ГЭСтердин пайдалуулук коэффициенти өзгөртүлөт – Азамат Оморов

Экономика 0

Бишкек, 23.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чакан ГЭСтердин пайдалуулук коэффициенти өзгөртүлөт. Бул тууралуу “галстуксуз жолугушууда” Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов билдирди.

Ал бул коэффициент кабыл алынган кезде дүйнөдө калыбына келүүчү энергия булактарына (ККЭБ) баа жогору болгонун билдирди.

“Дүйнө ККЭБ жолу менен кетти, анткени алардын башка энергия булагы болгон жок. Бизде суу ресурстары бар. Чакан ГЭСтердин өз баасы ирилерден жогору. Бирок бүгүнкү күнү технологиялардын өсүүсүнүн эсебинен дүйнөдө ККЭБ баасынын төмөндөө тенденциясы бар. Күн секторунда 80%, шамал – 35%. Чакан ГЭСтер боюнча деле ушул эле”, - деди ал.

Оморов учурдагы пайдалуулук коэффициенти дүйнөдөгү баалар менен бирдей өлчөмдө эмес экенин айтты.

“Тиешелүү сунуш маморгандар тарабынан каралууда жана биз варианттарды даярдап жатабыз. Инвесторлордун кызыгуусун дагы жаратуу керек. Биз бул жерден консенсус табабыз”, - деп кошумчалады ал.

ГЭСтердин пайдалуулук коэффициенти бүгүнкү күнү 2,1% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий