• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 02.09.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердик субъекттерине мындан ары колдоо көрсөтүү жана аларды экономиканын байкоого алынбаган секторунан чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине эки айлык мөөнөттө тапшырылат:

— чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүү;

— бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий