• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чакан жана орто ишкерликти колдоо боюнча Кыргыз-Кытай фондун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Экономика 0

Пекин, 16-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чакан жана орто ишкерликти колдоо багытында Кыргыз-Кытай фондун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу журналисттерге КР экономика министри Арзыбек Кожошев Пекинде өткөн “Бир алкак – бир жол” форумунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Анын айтымында, форумдун жүрүшүндө Кыргызстанда чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүнү Кытай тараптан колдоо жөнүндө келишимге кол коюлган.

“Буга байланыштуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду сыяктуу фондду түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби, Кыргызстандын ИДПсынын 40,5% көлөмүн чакан жана орто ишкерлик түзөт. Мында эң негизги маселе – каражаттардын жетишсиздиги. РКӨФ бөлгөн каражаттар жетишсиз. Чакан жана орто ишкерликтин жылдык керектөөсү - 15-20 млрд сом, ал эми биз 10 млрд чейин бөлө алабыз”, - деди ал.

Эскерте кетсек, “Бир алкак – бир жол” форумунда Пекинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, экономика министри Арзыбек Кожошев, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева катышты.

Пикир

Оставить комментарий