• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чалдоварда милиция кызматкерин ур-токмокко алган шектүү адамдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Панфилов районунда милиция кызматкерин ур-токмокко алган шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун милициясынан билдиришти.

2021-жылдын 16-февралында Панфилов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Чалдовар айылындагы эсепке алуу постунда милиция кызматкерине кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалыматты алган соң дароо ыкчам-тергөө кызматы чыккан. Милиция кызматкерлери барганда 16-февраль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында белгисиз адамдар мас абалында эч себепсиз ошол жактагы кызматын өтөп жаткан кызматкерди уур-токмокко алып окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында Панфилов РИИБнин криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн. Натыйжасында 18-февраль күнү бул кылмышка тиешеси бар 20 жаштагы К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Кийин дагы эки шектүү 21 жаштагы Т.А., жана К.А., аттуу жарандар кармалып, тергөө иш амалдарын жүргүзүү үчүн тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалган.

Тергөө иш амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий