• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Чалдыбар” өткөрмө бекети жүк ташуучу унаалар үчүн ачык – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 10-июнунан тарта кыргыз-казак чек арасындагы Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан “Чалдыбар-автожол” өткөрмө бекети ишин жандантты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Чалдыбар-автожол” бекети “Ак-Тилек-автожол” өткөрмө бекетиндеги автотранспорт каражаттарынын санын азайтуу максатында жүк ташуучу унаалар үчүн гана ачылды(атайын көрсөтмө болгонго чейин).

Айдоочулар өткөрмө бекетти кесип өтүү үчүн сөзсүз түрдө COVID-19га экспресс-тесттен өтүүсү зарыл. Жыйынтыгы терс көрсөткөн учурда айдоочуларга маалымкат берилет, алар аны менен Казакстанга кире алышат.

Азыркы учурда кыргыз-казак чек арасында үч өткөрмө пункту иш алып барууда. Алар: Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” жана “Чалдыбар-автожол” өткөрмө бекеттери, ал эми Талас облусунда “Чоң-Капка-автожол” өткөрмө бекети.

Белгилей кетсек, "Ак-Тилек авто жол" жана "Чоң-Капка авто жол" өткөрүү жайларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-р тескемесинин талаптарына ылайык жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүүдө.

Темир жол жүк тушуучу курамдар "Кайыңды-темир жол" өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий