• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чамдаңыз! Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Экономика 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, бүгүн салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Эске салсак, салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,

- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,

- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий