• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чамдаңыздар! Кышкы ЖРТга каттоонун аякташына үч саат калды

Билим 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо бүгүн, 28-октябрда саат 15:00дө аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

ЖРТга каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет. 2023-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө, мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине уруксат берилбейт. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

Каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер керектелет.
• Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
• Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;
• ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
• Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт. Банктардын комиссиясы өзүнчө төлөнөт. Жогорку окуу жайларына өтүү үчүн негизги тестти сөзсүз тапшыруу керек. Медициналык жана фармацевтикалык адистикке өтүү үчүн предметтик тесттерди сөзсүз тапшыруу керек. Кээ бир адистиктерге кабыл алууда предметтик тесттин жыйынтыгы бар абитуриенттер артыкчылыкка ээ болот. Предметтик тесттер сегиз сабак боюнча сунушталат: химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.

Кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында жүгүзүлөт.

Алдын ала маалыматка караганда, 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Алардын ичинен 17 мамлекеттик, 33 мамлекеттик эмес жогорку окуу жай.

Пикир

Оставить комментарий