• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чартердик каттамдар менен келген кыргызстандыктардын ичинен 5 адамдан коронавирус аныкталды - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. 17-апрелден тарта Кыргызстанга 5 чартердик каттам келди. Алар менен келген кыргызстандыктардын бешөөнөн COVID-19 коронавирустук инфекциясы аныкталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 17-апрелден тарта 5 чартердик каттам менен 1 миң 117 кыргызстандык учуп келди. “Каттамдар менен келген жүргүнчүлөрдүн бардыгы ПЧР-тесттен өткөн. Учуп келген 1 миң 117 жүргүнчүнүн ичинен 5 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Бул каттамдар Анкара-Бишкек, Новосибирск-Бишкек, Екатеринбург-Бишкек, Стамбул-Бишкек, Дубай-Бишкек”, - деп кошумчалады Акматова.

Ал баса белгилегендей, келген жүргүнчүлөрдөн биринчи ПЧР анализдери алынган, ошондой эле убактысы келген жарандар экинчи ПЧР-тесттин тапшырып, ал эми калгандары өз убактысын күтүүдө.

Акматова кошумчалагандай, Екатеринбург-Бишкек каттамы менен келген бир жарандан коронавирус аныкталып, ал 2-майда көз жумган.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий