• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чартердик каттамга жарандардын тизмесин түзүү токтотулду. Россиядагы элчиликтин билдирүүсү

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча чартердик каттамдарга жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчиликтин билдирүүсүнө караганда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан, тактап айтканда, КРнын Москвадагы элчилиги, Санкт-Петербургдагы КРнын элчилигинин кеңсеси, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы КРнын Башкы консулдугу, Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Ушуга байланыштуу, «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «Тез Жет» жана «Урал аба жолдору» авиакомпанияларына авиабилеттерди өздөрүнүн расмий авиакассалары же авиакомпаниянын веб-сайттары аркылуу өз алдынча сатууга укук берилет.

«Ошондуктан, 2020-жылдын 27-августунан баштап, Кыргызстандын бардык жарандары мекенине учууну кааласа, элчиликке кайрылбай эле, авиабилеттерди түздөн-түз «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «Тез Жет» жана «Урал аба жолдору» авиакомпанияларынын авиакассаларынан же алардын расмий сайттарынан онлайн режиминде сатып ала алышат», - деп айтылат элчиликтик билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек жана Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан учуп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий