• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаткал, Аксыны Бишкек менен байланыштырган аэропорт майда ишке берилет

Аймак 0

Бишкек. 16.02.19 /Кабар/. Аксы районундагы реконструкцияланып жаткан "Кербен" аэропорту быйыл май айынан тартып ишке берилет.

Реконструкциялоо иштери 31-мартта аяктап, заманбап шарттар менен камсыздалып, май айынанан тарта Кербен – Бишкек каттамы ишке аша баштайт, деп күтүлүүдө.

"Кербен" аэропорту кайрадан ишке берилиши Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун калкынын башка аймактар менен болгон байланышын жакшыртып, аба жол каттамынын өнүгүшүнө да өбөлгө болот.

Эске салсак, "Кербен" аэропорту дээрлик жыйырма жылга чукул убакыт кызмат көрсөткөн. 1999-жылдан баштап аба майданынын иши солгундап колдонулбай калгандыктан, имараттары менен учактар конуучу тилкелери жараксыз абалга келген.

Аэропортту кайра калыбына келтирүү жана кеӊейтүү чечими кабыл алынып, 2018-жылдын 27-ноябрында оӊдоп-түзөө иштери башталып, быйыл 31-мартта аяктайт.

"Кербен" аба майданын кайра калыбына келтирүү иштери "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий