• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чаткал дарыясына түшүп кеткен 45 жаштагы эркектин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Чаткал дарыясынын жээгинен 45 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Чаткал дарыясына эркек киши түшүп кеткен туралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Чаткал райондук №81 ӨКБдан 7 куткаруучу тартылып, 45-жаштагы А.Ж. аттуу жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар менен биргеликте чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий