• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чаткал дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Чаткал дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"25-августта Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Таш айыл аймагынын Кызыл-Алма тилкесинде Чаткал дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, болжол менен 25-30 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий