• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чаткал: Ички унаа жолдорду асфальттоо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Учурда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда унаа жолдорду асфальттоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолду оңдоо иштери республикалык бюджеттен каржыланууда.

Райондук №27 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Муратбек Жоошевдин айтымында, райондун борбору Каныш-Кыя айылындагы ички жолдор, тактап айтканда, Шекебаев атындагы көчөнүн узундугу 650 метр, туурасы 4 метр 3 млн 334 миң 576 сомго, Айдаров көчөсү узуну 685 метр, туурасы 9 метр 5 млн 952 миң 712 сомго, Бектурганов көчөсү узуну 456 метр, туурасы 6 метр 2 млн 774 миң 177 сомго асфальт төшөлүп бүтсө, Чотбаев көчөсү узуну 510 метр, туурасы 6 метр 3 млн 115 миң 812 сомго, Байматов көчөсү узуну 650 метр, туурасы 6 метр 3 млн 417 миң 228 сомго асфальт төшөө жумуштары жасалып жатат.

Ал эми бул ички жолдорду кесип өткөн агынды сууларды өткөрүү үчүн Шекебаев көчөсүнө жалпы 24 метр, Айдаров көчөсүнө 44 метр, Бектурганов көчөсүнө 22 метр, Байматов көчөсүнө 16 метр түтүктөр коюлган.

Жогорудагы жалпы узундугу 2951 метрди түзгөн көчөлөрдөгү ички жолдорду асфальттоого республикалык бюджеттен 18 миллион 594 миң 545 сом тендерге коюлуп, аны «Жагалмай» ЖЧКсы 18 миллион 400 миң 325 сомго утуп алып, асфальттоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий