• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткал милициясы тарабынан өспүрүмдөр арасында профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекторлору тарабынан райондун аймагындагы мектептерде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери окуучуларга үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоо, коомдук жайларда өзүн маданияттуу алып жүрүү, эрте никеге туруунун жана кыз ала качуунун кесепеттери, мектептеги рекетчиликти жоюу, орозо убагында түнкү намаздарга жалгыз мечитке барбоо, ошондой эле улууну урматтап, кичүүгө ызаат көрсөтүү багытында лекцияларды өтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий