• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаткал районуна зарыл иш болбосо кирип-чыгууга тыюу салынган – Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна зарыл иш болбосо кирип-чыгууга тыюу салынган. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, Чаткал районунда карантин киргизилип, районго зарылдык болбосо кирип-чыгууга тыюу салынган.

"Ал жакта азык-түлүк саткан дүкөндөр, дарыканалар иштеп жатат. Саламаттык сактоо кызматкерлери керектүү жабдыктар менен жетишерлик түрдө камсыз болгон. Чаткал районунда бүгүнкү күнгө карата дагы 4 адамда коронавирус табылды", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2-3 күндө Чаткалда жаңы учурлар чыкпай, коронавирус жуктургандар болбойт деген үмүт бар.

Пикир

Оставить комментарий