• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткал районунда быйыл 1,3 миң тонна дан эгиндери жыйналды

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын эсеби менен аталган райондо жыйналган кылкандуу дан эгиндери 1 миң 321, 2 тоннаны түзүп, план 133%га аткарылды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 328,2 тоннага көп.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда кылкандуу дан эгиндери өз убагында жыйналды.

Пикир

Оставить комментарий