• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаткал районунда эпидемиологиялык абал курчуп кеткени байкалууда – башкы санитардык дарыгер

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эпидемиологиялык абал курчуп кеткени байкалууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Чаткал районунда коронавирусту жуктуруп алган 13 учур катталган. “Айта кетсек, бул районго сөөк узатуу тажыясына Бишкек шаарынан коронавирус менен ооруган адам барган. Вирусту жергиликтүү тургундар ошол адамдан жуктуруп алышкан. Катталган 13 учур бир себепке байланыштуу болуп жатат. Бүгүнкү күндө ошол тажыяга катышкан адамдардын бардыгы такталып, көзөмөлгө алуу багытында иштер жүрүүдө”, - деп баса белгиледи Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий