• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткалда каналдарды жазгы сугат иштерине карата тазалоо жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда каналдарды жазгы сугат иштерине карата тазалоо башталды. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда башкармалыктын жумушчулары Кара-Шоро сугат каналын акыр-чикирлерден тазалоодо.

“Эртеңден тарта техниканын жардамы менен каналдарды кеңейтүү иштери башталат. Азырынча жумушчулар жеңил жерлерин кол менен тазалашууда”, - дейт райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Ашыркул Нышанбаев.

Кошумчалай кетсек, райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында жалпы узундугу 47 чакырымды түзгөн 9 сугат каналы бар.

Пикир

Оставить комментарий