• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткал районунда кар көчкүсү түштү

Аймак 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кечээ, 13-февралда саат 10:00 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 5500 куб метр кар көчкүсү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкүдөн жабыркагандар жок. Жерине 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылып, саат 15:50дө унаа жол толугу менен тазаланган.

Пикир

Оставить комментарий