• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чаткал районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап калкты тейлөө борбору катары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Иш-чарага КП президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, район акими Алтынбек Сенирбаев, мекеме кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

Калкты тейлөө борборун уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 2,5 млн сом акча каражаты жумшалган. Борбор Чаткал районунун 31 миңден ашуун калкына ыкчам электрондук кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий