• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чаткал районундагы Чакмак-Суу айылында жаңы бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 17 млн 700 миң сом акча каражаты жумшалган.

Мекеменин ачылуу аземине КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, район акими Алтынбек Сенирбаев, айыл тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий