• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаткал районундагы таш кулоо коркунучу жоюлууда

Аймак 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Чаткал районундагы таш кулоо коркунучу жоюлууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы аска тоонун боорунан жарака пайда болуп, болжол менен көлөмү 15-20 куб метр аска таштары урап түшүү коркунучу жаралган.

Кечээ, 10-февралда Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, кен казуучу фирманын кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнөн кооптуу аймакка барышкан. Кооптуу делген таштарды кол каражаттары менен майдалап түшүрүү иш-чарасы жүргүзүлүп, кооптуулук жоюлган. Ташты кулатуу милдети Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан кен казуучу фирмасына милдеттендирилген.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү тургундар аймакта кооптуулук жаралып жаткандыгы боюнча интернет булактарына маалымдашкан.

Пикир

Оставить комментарий