• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чаткал районундагы өзгөчө кырдаал режими алынды

Аймак 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “өзгөчө кырдаал” режими алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2017-жылдын 11-февралынан тартып тынбай жааган кардын натыйжасында Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы 2 метрге чейин жеткен. Жолдорго кар көчкүлөр тынбай түшүп жаткандыгына байланыштуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2017-жылдын 14-февралындагы №29 буйругу менен Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

2017-жылдын 14-февралында саат 16-00 чамасында Каныш-Кыя айыл аймагындагы ЖАК “Кичи-Чаарат” тоо-кен компаниясынын жатаканасын жана ашканасын кар көчкү баскан. Адам өмүрүнө зыян жеткен эмес. Кырсыктын кесепетинен 1 кытай жараны жабыр тартып райондук ооруканага жеткирилген, абалы канааттандыраарлык.

Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1400м3 түзгөн.

2017-жылдын 15-февралында ЖАК “Кичи-Чаарат” тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп бүткөрүлгөн.

Чаткал райондук администрация башчысы, акиминин 2017-жылдын 13-февралында №27 буйругунун негизинде cаат 14:00дөн аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлгөндүгүнө байланыштуу жана кар көчкүлөр улам ар кайсыл аймактан түшүп жаткандыктан, адам өмүрүнө коркунучтарды жана ар кандай кырсыктарды алдын алуу максатында, аба-ырайы өз нугуна түшкөнгө чейин, Ала-Бука-Жаны-Базар-Каныш-Кыя-Кировка жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдору жабылган.

Унаа жолдун 38-чакырымында (Терек-Сай айылында) жана 105-чакырымында (Курулуш) айылында күзөттөр коюлган.

16-февралда саат 07:00дөн тартып, Чаткал райондук администрация башчысы-акимдин 2017-жылдын 16-февралындагы №30-буйругунун негизинде аба-ырайы турукташып, унаа жолдорго түшкөн кар көчкүлөрдөн жана калың кардан тазалоо жумушу аткарылгандыгына, кар көчкүсү түшүү коркунучунун азайгандыгына байланыштуу, Каныш-Кыя жана Чаткал айылдык аймактарында өзгөчө кырдаал режими алынды. Метептер жана мектептерге чейинки билим берүү мекемелери ачылды. Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолдору бир каттамга ачылып, унаа кыймылы үчүн уруксат берилди.

ЖТИ-27ден 3 бульдозер, 1грейдер жалпы- 4 техника.

ААК “Фулд Голд Майнинг” фирмасынан 1 жүктөгүч,

Кыргыз Алтындан 1грейдер,

“ЭТГЭО” фирмасынан 1 жүктөгүч,

“Аурум” фирмасынан 1жүктөгүч,

“Кичи-Чаарат” ишканасынан 1 жүктөгүч жалпы- 9 техника кар тазалоо иштерине тартылган.

https://ssl.gstatic.com/ui/v1/icons/mail/images/cleardot.gif

Пикир

Оставить комментарий