• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткал районунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Чаткал районунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чаткал РИИБнин бардык өздүк курамы медициналык кызматчылар жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылышын токтотуу багытында иш алып барышууда. Чаткал районунун аймагына кире турган жолдордо 3 санитардык-карантиндик пост орнотулган, ал постто милиция кызматкерлери медициналык кызматчылар жана ӨКМнын өкүлдөрү күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Мындан тышкары, райондун 4 айылында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен кошумча посттор орнутулган, ар бир мындай постко укуктук тартипти камсыздоого милиция кызматкерлери бекитилген. Ошондой эле, жергиликттүү тургундарга үн чыгаруучу каражаттар аркылуу коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучу тууралуу маалыматтар берилип, жеке коргонуу эрежелерин сактап, үйдөн зарыл болгон учурда гана чыгуу, адамдар арасында аралыкты сактоо, беткап кийүү, коомдук жайларга барбоо зарылчылыгы жөнүндө айтылууда.

Ал эми, Каныш-Кыя айылында короновирус илдетин жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, ал жерде милиция кызматкерлери коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте уюштурууда. Бул аймакта, коронавирус илдетин жуктуруп алган бир нече адам дарыланууга жаткырылган аймактык ооруканага баруучу жолдордо 2 санитардык-карантиндик пост орнотулган, кирип чыккан автоунааларды жана жарандарды көзөмөлдөп текшерүү күчөтүлгөн, ошону менен бирге аймактын көчөлөрүн дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда, Чаткал райондук ИИБнин кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды жүргүзүүдө. Постто кызмат өтөп жаткан кызматкердер керектүү болгон жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган. Мындан тышкары, 5 маршрут боюнча жөө кайгуул жүргүзүү уюуштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий