• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чаткал суусуна чөгүп кеткен адамдын сөөгү табыла элек

Коом 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Республикадагы алтын өндүрүүчү ишканалардын биринин кызматкери Чаткал районунда сууга чөгүп кеткенин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык кечээ, Курулуш айылында болгон. Куткаруучулар тарабынан көрүлгөн аракеттер азырынча жыйынтык бере элек.

Ошондой эле, Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылындагы көпүрөнүн алдында эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар жансыз денени алып чыгып милиция кызматкерлерине анын өздүгүн тактоо үчүн өткөрүп берген.

Мындан тышкары куткаруучулар 2-июлда БЧКдагы сууга агып кеткен 15 жаштагы баланын сөөгүн издөөнү улантышууда. Маалым болгондой, издөө иштери Ново-Покровкадан Ысык-Ата районундагы Сары-Жонго чейин жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий