• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаткал суусуна эки жашар кыз чөгүп кеткен - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кызыл-Кыя айылында Чаткал дарыясына эки жашар кыз агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматында, 21-октябрда 17:00дө суу боюнда ойноп отурган кыз, сууга кулап түшүп, агып кеткен. 22-октябрда эртең менен 15 куткаруучу, 12 тууганы жана 12 милиция кызматкери издеп башташкан.

Издөө иштери 08:55те башталып, 09:55те кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий