• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чаткал жана Аксыда милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Чаткал жана Аксыда милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чаткал РИИБнин жетекчилигинин демилгеси менен балдарды колдоо жылына карата жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Район аймагындагы мектептерде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулар уюштурулуп, ата энелерге эрте никеге туруунун терс жактары түшүндүрүлдү. Айыл тургундарына мектептен сырткары өз балдарына көзөмөл кылуу керектиги эскертилип, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башарууга болбой тургандыгы айтылды.

Эске салсак былтыркы жылы Чаткалда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы болуп 8 учур катталса, ушул жылдын 2 айында 1 факты катталган.

Ошондой эле бүгүн 9-мартта Аксы РИИБнин кызматкерлери Жаңы-Жол, Кашка-Суу айыл өкмөттөрүндө жайгашкан орто мектептерде окуучулар менен атайын жолугушууларды өткөрүштү. Милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуулардын, мектеп рэкетчилигинин алдын алуу багытында профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Мындан сырткары, окуучулар тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Эл арасында кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана түрдүү кырсыктарды болтурбоо үчүн алдын алуу иштери милиция тарабынан алдыда дагы улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий