• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чаткал жана Кара-Көл милициясы коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетин алдын алуу багытында Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чаткал РИИБинин кызматкерлери район аймагындагы дүкөндөрдө, коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери жарандарды чыныгы тастыкталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырышууда. Ооруну жугузуп алуудан алыс болуп, тиешелүү кызматтар тарабынан айтылып жаткан бардык талаптарды так сактоо керектиги эскертилүүдө. Автоунаа айдоочуларына жүргүнчү менен кол алышып учурашпоо, күн сайын унааны дезинфекциядан өткөрүү зарылдыгы жеткирилди. Ошону менен катар коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө бет кап таратылып, санитардык талаптарды, жеке гигиенаны сактоого чакырышууда.

Ал эми Кара-Көл ШИИБинин жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы коомдук жайлар, банктар, калкты тейлөө борборлору текшерүүгө алынды. Алар жарандарды өз саламаттыгына кам көрүп, аралыкты сактоого чакырышты. Ошондой эле оорунун алдын алууга багытталган медициналык каражаттарды жанына алып жүрүүгө үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий