• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чаткалда 44 медицина кызматкери обсервацияга алынган

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Чаткалда 44 медицина кызматкери обсервацияга алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

"Бүгүнкү күнү Чаткалдагы жалпы дарыгерлик практика борборунун 44 дарыгер, медайымы обсервацияга алынган. Учурда алардын анализдери алынып, иш жүрүп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Чаткалда 7 адамда коронавирус аныкталган

Пикир

Оставить комментарий